БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан менен чек арасындагы чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Казакстандын ведомстволор аралык комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Чектөөлөрдү алып салуу казакстандыктарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүктөргө тиешелүү.
“Ошол эле учурда COVID-19 анализинин терс натыйжасы көрсөтүлгөн ПЦР-тест же эмдөөнүн, ревакцинациянын толук курсунан өткөндүгү тууралуу документти милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы сакталып калат”, — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Вице-премьер-министр Ералы Тугжанов мамлекеттик чек араны ачуу маселеси президенттин жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. Ошондой эле Тугжанов акимчиликтерге эмдөө кампаниясын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырып, калк арасында түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.