Касымалы Баялинов атындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында "Россияда билим алуу — 2022" деп аталган көргөзмө өтүүдө.
Ага 30дан ашуун алдынкы университеттер катышууда, арасында Москванын, Санкт-Петербургдун, Екатеринбургдун жана башка шаарлардын ири окуу жайлары бар.
Иш-чараны "Москва классиктери" деп аталган коомдук фонд Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, КРдин Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы, Баялинов атындагы китепкана менен биргеликте уюштурду.
Бишкекте көргөзмө 7-апрелге чейин саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Болочоктогу абитуриент россиялык ЖОЖго тапшыруу боюнча программа менен таанышып, өзүнүн билим деңгээлин текшериш үчүн тесттен бекер өтө алат.
8-апрелде көргөзмө Кантта саат 10:30дан 17:00гө (№4 мектеп гимназия, дареги – Абраимов көч. 1) чейин болот.
9-апрелде Кочкор менен Нарында ("Хан-Теңир" отелинин конференц-залында) 14:00дөн 17:00гө чейин уланат.
Андан сырткары, Бишкек, Токмок, Шопоков жана Кара-Балта шаарларында абитуриенттер менен кесипке багыт берген жолугушуулар, билим берүү программаларын тааныштыруу, предметтик тесттен өткөрүү жана жогорку билим алуу боюнча кеп-кеңештер берилет.
Көргөзмө акысыз жана анын алкагында каалаган иш-чарага катышса болот.