Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын БУУдагы өкүлү: аскерлер чыгып кеткенден кийин Бучада өлүк калган эмес

Россия өкүлү видеолорду фейк деп атап, ал жерде жаткандар үч-төрт күн көчөдө калган адамдын сөөгүнө окшобой турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Бучадагы материалдарга комментарий берип жатып Батыштын жана Украинанын ЖМКлары тараткан маалыматка бир гана дилетанттар ишенерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал таратылган видеону фейк деп атап, ал жерде жаткандар үч-төрт күн көчөдө калган адамдын сөөгүнө окшобой турганын белгиледи.
“Сиздер сөөктөрдү көрдүңүздөр, айтылгандарды уктуңуздар. Бирок сиздерге көрсөткүсү келген жактарын гана көрө алдыңыздар. Украиналык жана батышчыл ЖМКлар таратып жаткан окуялардын карама-каршы версияларын көрө албайсыздар. Россиялык аскерлер чыгып кеткенден кийин шаарда адамдын сөөктөрү жок экенин бир нече видеолор күбөлөндүрүп турат”, — деди ал.
Ошондой эле Небензя Украина президенти Владимир Зеленскийди акыркы украин калганга чейин согушууга даяр турган Батышка өз планын ишке ашырууга жол бербөөгө чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Бучадагы чагымчылдыгы: орустарга каршы акыркы аргумент