Кыргыз эл акыны Омор Султановдун сөөгү жерге берилди

Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 3-апрелде дүйнө салган. Быйыл ал 87 жашка чыкмак.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 3-апрелде дүйнө салган. Быйыл ал 87 жашка чыкмак.
1 / 4

Кыргыз эл акыны Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

2 / 4

Эске салсак, Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 3-апрелде дүйнө салган. Быйыл ал 87 жашка чыкмак.

3 / 4

Белгилүү акын менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында өттү

4 / 4

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган

Белгилүү акын менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында өттү.
Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору. Султанов — кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.
Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. "Кыргызфильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм тасма жана "Төкмө", "Жазуучу" деген даректүү фильмдер тартылган.
Ууру жолдор уурдаганга алпарат! Омор Султановдун кеп казынасы