Ошто тарыхый, маданий эстеликтер тууралуу QR-код аркылуу билүүгө болот. Сүрөт

Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR-код орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ош шаарында эми тарыхый жана маданий эстеликтер туурасында QR-код аркылуу билип, маалымат алса болот. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4

Ош шаарында эми тарыхый жана маданий эстеликтер туурасында QR-код аркылуу билип, маалымат алса болот

2 / 4

Долбоор мэр Алмаз Мамбетовдун "Ош — Улуу Жибек Жолунун провайдери" программасынын алкагында ишке ашырылып жатканын айтышты

3 / 4

Аларды кыргыз, орус жана англис тилдеринде окууга болот

4 / 4

Маалымат кызматы учурда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR-код орнотулганын билдирди

Долбоор мэр Алмаз Мамбетовдун "Ош — Улуу Жибек Жолунун провайдери" программасынын алкагында ишке ашырылып жатканын айтышты.
"Долбоор жаштар арасында тарых жана маданиятты жайылтууга, Ош шаарында жана облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. QR-кодду смартфон аркылуу сканерлегенде эстеликтер качан тургузулганын, ал адамдын өмүр таржымалын, тарыхка кандай салым кошконун, сүрөттөрүн дароо көрө аласыз", — деп айтылат маалыматта.
Аларды кыргыз, орус жана англис тилдеринде окууга болот.
Маалымат кызматы учурда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы 20 объектинин жанына QR-код орнотулганын билдирди.
Ошто туризмди өнүктүрүүгө 6 млн. доллар бөлүндү. Жасалчу иштердин тизмеси