Алдангандар арызданбаганы үчүн кылмыш токтобой жатат. ИИМ финпирамида тууралуу

ИИМ жеңил акча сунуштаган финансылык пирамидалардын иши мыйзамсыз экенин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда финансылык пирамида элдин акчасынын эсебинен гүлдөп-өнүгүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
ИИМ акчасын алдаткандардын басымдуу бөлүгү арызданбай унчукпагандыктан алдамчылар ишин улантып жатканын белгиледи.
"Эгер сиз же туугандарыңыз финансылык пирамидага алданып калса же сизди алдоого аракет кылып жаткандарды байкасаңыз, дароо ички иштер органдарына кайрылыңыз", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жеңил акча сунуштаган финансылык пирамидалардын иши мыйзамсыз экенин эскертти.
"Республикада жыл сайын он миңдеген адам пирамиданын курмандыгы болот. Алдамчылар ыңгайлуу шарт менен үй, акция, облигация алууну сунуштап, болуп көрбөгөндөй киреше алып келген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага акча салууга үгүттөшөт", — дешти органдан.
Министрлик мамлекеттик ипотекалык компаниялар менен банктар гана мыйзамдуу иш алып барарын кошумчалаган.
Сак болуңуз! ИИМ каржы пирамидасындагы элди алдаган схемаларды айтып берди