БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал 85 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
"Милициянын капитаны М. Г. В. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 доллар талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.