Адамды уурдап акча талап кылышкан. УКМК шектүүлөрдү кармады

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүүлөр "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги такталган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Адам уурдап, ага күч колдонуп акча талап кылган деп уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Адам уурдап, ага күч колдонуп акча талап кылган деп уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды
Маалыматка караганда, О.Ю. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү анын М.А. аттуу тууганын уурдап, ага күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батирде кармап тургандыгын айткан. Ал укук коргоо органдарынан кылмышка тиешеси бар адамдарга чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.
Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде адам уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында 2-апрелде Э.Б., С.С. жана А.М. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүүлөр "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги такталган.
Учурда кармалгандарга карата тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Баткенде эки полковник 30 кг нашаа менен кармалганы айтылууда