Садыр Жапаров: Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү

Бүгүн Centerra менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу чечимге кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салды.
"Кумтөр Кыргызстандын ээлигине толугу менен жана биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялаймын. Бүгүн Centerra менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу чечимге жана эле кол коюлду. Ошентип Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш десем аша чапкандык болбос. Анткени элибиз өз тагдырына болгон жоопкерчиликти колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек. Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!" — деди Жапаров.
Ошондой эле мындан ары Кумтөрдүн 100 пайыз акциясы республикага тиешелүү болорун кошумчалады.
Садыр Жапаров Кумтөр жана бюджетке түшкөн киреше тууралуу айтты