БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Россия дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин украиналык радикалдардын Бучадагы чагымчылыгына байланышкан чукул жыйын өткөрүүнү талап кылганын РИА Новости жазды.
"Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин украиналык радикалдардын Буча шаарындагы чагымчылыгына байланышкан чукул жыйын өткөрүүнү сурады. Ал бүгүн саат 15:00дө (Москва убактысы боюнча 22:00 ) болот", — деп айтылган маалыматта.
Буга чейин Россия бул темада дүйшөмбү күнү жыйын өткөрүүнү сураган, бирок БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кылган Лондон ага макулдук берген эмес.
Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.
Шаардын түштүк жагы, анын ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украиналык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес.