Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон: АКШнын Бучадагы окуя боюнча көз карандысыз бышыктоосу жок

Россиянын Коргоо министрлиги Киев режими россиялык аскерлердин Бучадагы "кылмышын" жарыялаган сүрөт менен видеоматериалдар чагымчылык экендигин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. АКШда Буча калкынын арасында жай жарандардын зыянга учураганы боюнча маалыматтарды тастыктаган көз карандысыз бекемдөө жок. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири билдиргенин жазды.
"Биз Бучадагы ырайымсыздыктар туурасында көз карандысыз түрдө бекемдей албайбыз... Муну көз карандысыз жана өз алдыбызча тастыктай албайбыз", — деген ал журналисттерге.
Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киевдин жака-белинде "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды.
Шаардын түштүк жагы, анын ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украиналык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Бучадагы кырдаалга катыштыгы жок. Песковдун билдирүүсү