БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. КР эл артисти Марат Алышпаев дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан кабарлады.
"Суук кабар... Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады... КР эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев агабыздын айрылып калдык", — деп айтылат маалыматта.
Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 4-апрелде, саат 12:00дө Кыргыз драма театрында өтөрү айтылды. Андан соң анын сөөгүн туулуп-өскөн айылына алып кетишет.
Эл артист быйыл 75 жашка чыкмак.
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулуп, элеттеги мектепти 1965-жылы аяктагандан кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. Ортодон Москвадагы театралдык институтуна сынак аркылуу өтүп кеткен.
Таланттуу актёр Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.