Centerra Gold Inc менен Кыргызстандын ортосундагы соттошуулар токтотулду

Садыр Жапаров Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында алып кете албай калган алтын үчүн 29 миллион доллардан баш тартканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенине байланыштуу бардык соттук териштирүүлөр токтотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
"Centerra Gold Inc. АКШ, Швеция жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду. Кыргыз тарап дагы канадалык компанияга каршы бардык соттук дооматтарын кайтарып алат", — деди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчы Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында алып кете албай калган алтын үчүн 29 миллион доллардан баш тартканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, бүгүн Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү. Мындан ары Кумтөрдүн 100 пайыз акциясы республикага тиешелүү.
Эске салсак, 2021-жылдын 17-майында Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилип, Теңиз Бөлтүрүк жетекчи болгон. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда экологияга тийгизген залака, киберкоопсуздук сыяктуу бир катар маселелер боюнча эл аралык соттордо териштирүүлөр жүрүп жаткан.
Centerra Кыргызстанга канча акча төлөп бермей болду? Келишимдин шарттары