БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору башталган 2013-жылдан бери Кыргызстанда 115 194 чарбалык субъектиге 48,26 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Долбоордун максаттуу тармактары болуп мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү саналат.
Кайсы тармактар каржыланды:
мал чарбасы — 93 028 субъектиге 31,53 миллиард сом берилди. Бул — жалпы берилген насыянын 65 пайызы;
өсүмдүк өстүрүү — 20 052 субъектиге 6,96 миллиард сом. Бул — жалпы берилген насыянын 14 пайызы;
айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү — 2 114 субъектиге 9,76 миллиард сом. Жалпы брилген насыянын 21 пайызы;
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан. Бул багытта ишкер, фермерлерге насыя 6 пайыздык үстөк менен берилет.