БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ичкиликти таштайм деген адам төрт нерсени: ойду, мүнөздү, адатты жана чөйрөнү өзгөртүшү керек. Бул тууралуу нарколог Шайлообек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, ичкен адам алкоголизм бул оору экенин моюндап, ага дарт менен күрөшкөндөй мамиле кылышы шарт.
"Ким эле өзүн алкоголикмин десин, кулакка жаман угулат да. Кайсы бир ооруну кабыл алгандай эле аракты таштай албай жатканыңды моюндашың керек. Алгач аны жеңүүгө көкүрөктө ишеним болуш үчүн жараткандан жардам суроо керек. Бул нарколог, молдо, көзү ачыктан дагы өйдө турат. Ошондой эле билимди тереңдетип, анын ичинен эң кымбат илим болгон психологияны өздөштүрүү керек. Мунун арты менен эмнеге бөтөлкөнүн түбүнө түшүп жатканыңды билесиң. Анан сени менен кошо жакындарың да азап тартып жатканын сезип, алар үчүн да аракты таштоого умтулушуң керек", — деди нарколог.
Өмүралиев адамга башына бир күндө миңдеген ой келерин, аларды убагында көзөмөлгө алуу маанилүү экенин кошумчалаган.
Алкоголизм жана андан чыгуу жолдору тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышыңыз.