Чүйдүн башчылыгынан кеткен Эркин Тентишев президентке кеңешчи болду

Тентишевдин ордуна президенттин Чүйдөгү өкүлү болуп Нурил Алымбаев дайындалды. Бүгүн ал эмгек жамаатка тааныштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү кызматынан кеткен Эркин Тентишев өлкө башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.
Тентишевдин ордуна Чүй облусунун башчысы болуп Нурил Алымбаев келген. Аны бүгүн эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.
Муфтийдин орун басары Шергазиев кызматтан кетип, жаңысы дайындалды