Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: Украина менен келишим боюнча талкуулар 4-апрелде башталат

Буга чейин Украина Россия менен бирге келечекте кабыл алынып калышы мүмкүн болгон келишимдин принциптерин кагаз жүзүндө берген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Киев бейтарап жана өзөктүк куралсыз мамлекет макамы боюнча реалдуураак ой калчай баштады. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
"Келишим жогорку деңгээлдеги талкууга алып чыгууга даяр эмес. Учурда документти адистер карап жатышат. Бул боюнча делегация жетекчилеринин иши эртең, 4-апрелден баштап кайра уланат", — деди Мединский.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Атайын операция башталгандан бери Украина менен Россиянын делегациялары бир нече ирет жолугуп, абалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан.
Соңку жолугушууда Украина негизинен Россиянын НАТОго кирбөө жана өлкө аймагында чет элдик аскер базаларын жайгаштырбоо боюнча башкы талаптарына макул болгон. Анда Украина келечекте кабыл алынып калышы мүмкүн болгон келишимдин принциптерин кагаз жүзүндө берген эле. Документте Украина НАТОго кирүүдөн, өзөктүк курал жана массалык өлүмгө алып келчү башка куралдын түрлөрүн алууну жана пайдаланууну, ошондой эле чет элдик аскер базаларын жана аскер контингенттерин өз аймагында жайгаштыруудан баш тарта турганы камтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусту колдоо жана биолаборатория. Песковдун билдирүүсү