Министр Бейшеналиев: тиш дарыгерлердин айлыгын 1 000 долларга жеткиребиз

Аткаминер кызматка келгенден бери президент, премьер-министрге кирип жатып медиктердин айлык акысын үч жолу көтөрткөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда тиш дарыгерлердин айлык акысын бир айда 1 000 долларга чейин жеткиребиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал министр болуп келгенден бери президент, премьер-министрге кирип жатып медиктердин айлык акысын үч жолу көтөрткөнүн белгилеген.
"Тиш дарыгерлеринин айлыгын бир айдын ичинде 1 000 долларга жеткиребиз. Мыйзам министрлер кабинетинен өттү. Башкалардыкы да жылдын аягына чейин 1 000 долларга жетет. Бул боюнча атайын механизм бар", — деген министр.
Бейшеналиев буга чейин да ак халатчандардын айлыгы эгер аны жумуштан алып салышпаса эле көтөрүлөрүн айткан.
Алымкадыр Бейшеналиев: ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем