Адис тез өзгөргөн аба ырайы адамга кандай таасир этерин айтып берди

Адам дени сак болсо организми аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашып, көнүп кете алат. Ал эми илдети барлар бир топ кыйналып калышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Аба ырайы кескин өзгөргөндө кандайдыр бир илдети бар адамдар абайлап, сак болуусу керек. Бул тууралуу терапевт Надежда Чернышова RT каналына айтып берген.
Чернышова адам дени сак болсо организми аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашып, көнүп кете аларына да токтолду.
"Киши жүрөк кан тамырлары өзгөрүүгө ыңгайлашууга жетишпей калганда кыйналып баштайт. Бул нерсе өнөкөт оорусу барларга же илдетке чалдыгып, жаңы айыгып бара жаткандарга тиешелүү. Алардын кан басымы көтөрүлүп же такыр эле түшүп, башы чыдатпай оорушу мүмкүн", — деген дарыгер.
Терапевт андан сырткары алсыздык жана ашыкча чарчоо коштошу мүмкүндүгүн айткан.
Адис абадагы нымдуулуктун кескин алмашуусу, атмосферанын басымы жана катуу шамал өпкөсү ооругандарга кооптуу экенин кошумчалады.
"Алар энтигип, аба жетпегендей сезим жаралып, жөтөл күчөшү ыктымал", — деген терапевт.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Жыл мезгили алмашкан учурдан кантип жеңил өтсө болот? Медиктин түшүндүрмөсү