Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай ТИМи АКШнын "кайсы бир тарапты жактоо" чакырыгын шылдыңга алды

Кытай дипломаты постунун алдына адамдын башына тапанча такаган колдун карикатурасын кошо жарыялаган. Тапанча такаган колго АКШнын желеги тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь өзүнүн Twitter баракчасына Вашингтондун кайсы бир тарапты жактоо чакырыгын шылдыңдаган карикатура жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"АКШнын башкаларга кайсы бир тарапты кабыл ал деп кыстаганы чынында "мен тарапка өт" деген маанини түшүндүрөт", — деп жазган Кытай ТИМинин өкүлү.
Ал постунун алдына адамдын башына тапанча такаган колдун карикатурасын кошо жарыялаган. Тапанча такаган колго АШнын желеги тартылган.
Февраль айында да Кытай ТИМинин өкүлү Twitter баракчасына Украинадагы чыр-чатакта АКШнын ролу канчалык экенин көрсөткөн карикатураны жүктөп, "АКШ ушунун баарын ким жасады деп өзүнөн сурап көрүшү керек" деген пикир калтырган.
Карикатурада Американын символу болгон Сэм аттуу кишинин сүрөтү чагылдырылган. Анын "Эмнеге өрттү өчүрүүгө Кытай күч жумшабай жатат?" деп суроо берген жазуусун, ошол эле учурда өзү "Украина" деп жазылган жазуунун айланасындагы өрттү бензин менен өчүрүп жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Вашингтон Пекинден Россия жетекчилигин жана Украинадагы аскердик операцияны сындаган пикир уккусу келерин билдирген.
18-мартта АКШ президенти Жо Байден менен Кытай лидери Си Цзиньпин сүйлөшүп, анын жыйынтыгы боюнча Ак үй маалымат берген. Белгилүү болгондой, Байден Кытай башчысына Москванын атайын операциясын колдоонун кесепеттерин айткан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Өзү тутанткан отту өзгөнүн колу менен кармагандар. Геосаясат жөнүндө ой толгоо