Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Беларусту колдоо жана биолаборатория. Песковдун билдирүүсү

Песковдун айтымында, санкциялык оюндар доллар менен евронун беделин түшүрүп, мамлекеттер улуттук валютада эсептешүүгө өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Белоруссия-1" телеканалынын эфиринде бир нече билдирүү жасады.
Урунттуу учурлар:
Песков Беларуска кол салуу боло турган болсо толук кандуу аскердик колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. ЖККУнун мүчөсүнө, айрыкча, Беларуска кол салуу Россияга кол салгандай эсептелет;
Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр оор өтүп жатат, бирок башкысы уланып жатканы маанилүү;
Москва Украинада нацисттик идеяларга тыюу салынып, орус тили өзүнүн ордуна келет деп үмүт артат;
Атайын операциянын башкы максаттарынын бири – ДЭР менен ЛЭРди куткаруу жана алардын 2014-жылдагы чек арасындагы мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү;
Россиянын атайын операциясы учурунда Украинанын аскердик потенциалы дээрлик талкаланды;
Түркия НАТОнун мүчөсү болгону менен өзүнүн кызыкчылыгын коргой алат. Түркия Брюсселге макулдугун бербей, Россияга каршы санкцияларга кошулбай кое алат;
НАТО коргонуучу уюм экенин айтканы менен аныгында агрессия үчүн түзүлгөн;
Россия менен Беларустун айланасына биолабораториялардын тармагы түзүлгөн. Ал Пентагон тарабынан каржыланат. Алар кайсы бир этносторго каршы иштеген биологиялык куралдардын түрлөрүн иштеп чыгуу боюнча долбоорлордун үстүндө иштейт. Бул өтө коркунучтуу курал;
Санкциялык оюндардын фонунда доллар менен евронун беделине доо кетти. Себеби мамлекеттер улуттук валютада эсептешүүгө өтүп жатат жана бул процесс токтобойт;
Бир дагы мамлекетке Россияга жасалгандай санкциялык басым болгон эмес. Бирок бул нерсе иштөөгө жана Беларусь менен интеграцияны тереңдетүүгө шарт түзүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев Украинанын ЕБге кириши тууралуу Россиянын пикирин билдирди