Алымкадыр Бейшеналиев: ооруканаларга жөнөкөй бейтап болуп барып текшерем

Министр ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы ооруканаларды министрдей эмес, жөнөкөй бейтаптын кейпин кийип барып текшерем. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР каналына маек куруп жатып билдирди.
Аткаминер ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.

"Эч кимге айтпай, министр экенимди билгизбей өзүмдү бейтап сыяктуу көрсөтүп, ооруканаларды акырын текшерем. Бир жолу сокур ичегимди алдырам деп бир ооруканага бардым. Ал жактан медик операция кылам деп жатканда "бул жерде тырык турат, сокур ичеги болгон окшойм" десем эле дарыгер мени таанып, таң калган. Негизи мурда сокур ичеги болгом да. Ошентип текшерсем ал оорукана кандай иштеп жатканын билем. Министр келе жатат дегенде баарын жууп-тазалап жакшы жерлерин гана көрсөтөт. Анын эмне кереги бар", — деген министр.

Ал ооруканалардын 60 пайызын дал ушундай ыкма менен текшерип, бир топ башкы дарыгерлерди кызматтан алганын кошумчалаган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев элдин колдоосуна муктаж экенин айтып чыкты