ЖМК: АКШ конгресси Украинадан улам эл аралык маанисин жоготуп бара жатат

Депутаттар документтерди кабыл алууну кечеңдетип жаткан себептердин арасында процедуралык талаптардан тышкары саясат жана кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШ конгрессинде Украинанын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу мыйзам долбоорлорун кароо кечеңдеп жатат. Буга мыйзам чыгаруу органынын эл аралык саясаттагы ролунун өзгөрүшү себеп болууда деп жазды Washington Post.
Басылма конгресс бир дагы документти кабыл ала электигин, анын ичинде Россия менен сооданын ыңгайлуу режиминен баш тартуу боюнча долбоор дагы бар экенин билдирди. Болгону бир гана аскердик жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 13,6 миллиард доллар бөлүү тууралуу документ колдоого алынган. Маалыматка ылайык, депутаттар бир нече документтин долбоорлорун карап жатышат.
Журналисттер жардамчылар, байкоочу жана депутаттардын өздөрү менен сүйлөшүп көргөндө, көпчүлүгү документтерди кабыл алууну кечеңдетип жаткан себептердин арасында процедуралык талаптардан тышкары саясат жана кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экенин айтышкан.
Тышкы саясат боюнча серепчилер "кризис учурунда мыйзам чыгаруучулар менен администрациялар ар дайым чогуу иштешкенин эске салып, мындай башаламандык келерки жумада соңуна чыгат деп күтүп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусту колдоо жана биолаборатория. Песковдун билдирүүсү