"Талибдер Афганистанда апийим өстүрүүгө тыюу салды

Тартип бузгандардын түшүмү жок кылынып, өздөрүнө "шарият мыйзамдарына ылайык" чаралар көрүлөрү айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Афганистанды башкарган "Талибан"* кыймылы өлкө аймагында апийим өстүрүүгө тыюу салып, мыйзамды бузгандар "шариятка ылайык жооп берерин" билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жогорку лидер Хайбатулла Ахундзада Афганистандын аймагында апийим өстүрүүгө катуу тыюу салганын анын маалымат катчысы Билал Карими кабарлаган.
“Тартип бузгандардын түшүмү жок кылынат жана өздөрүнө “шарият мыйзамдарына ылайык” чаралар көрүлөт. Мындан тышкары, спирт ичимдиктерин, ошондой эле баңгизат каражаттарынын бардык түрлөрүн керектөөгө, ташууга, сатууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салынат”, — деп айтылат кабарда.
Былтыр август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кеткен. Сентябрдын башында Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм
Талибдер аялдар менен эркектердин паркта бир убакта сейилдөөсүнө тыюу салды