Оштун Данги участогунда кичи ГЭС курулат. Акылбек Жапаров долбоорун көрдү

Кичи ГЭС Ош шаарынын бир бөлүгүн таза суу менен камсыздамакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Оштогу Данги участогунун аймагында кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары менен барган.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Оштогу Данги участогунун аймагында кичи ГЭС куруу долбоору менен таанышты.

2 / 3

Жапаров Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары менен барган.

3 / 3

Кичи ГЭСтин курулушу менен Ош шаарынын бир бөлүгүндөгү көп жылдардан берки таза суу маселеси чечилет.

"Кичи ГЭСтин курулушу менен Ош шаарынын бир бөлүгүндөгү көп жылдардан берки таза суу маселеси чечилет. Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорду жактырып, бардык укуктук жана документациялык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын билдирди", — деп жазылган маалыматта.
Андан соң Акылбек Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен антикризистик чаралар, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, күндө керектелүүчү азык-түлүктөргө карата баалардын жогорулашына жол бербөө жана жер тилкелерин трансформациялоо боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Министр Бекмурзаев: Камбар-Ата-1 ГЭСин жайында кура баштайбыз