Марат Иманкулов "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогуна" катышты. Эмне кеп болду

Иш-чарада ШКУга мүчө мамлекеттердин учурдагы жаңы коркунуч жана чакырыктарга өз убагында, натыйжалуу реакция кылуу боюнча иштерди жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу" конференциясына видео байланыш форматында Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Иш-чарага ошондой эле Казакстандын, Катардын, Кытайдын, Пакистандын, Сауд Аравиясынын жана Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчылары катышты.
"Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин учурдагы жаңы коркунуч жана чакырыктарга өз убагында, натыйжалуу реакция кылуу боюнча иштерди жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды", — деп айтылган маалыматта.
Марат Иманкулов бир дагы өлкө өз алдынча заманбап глобалдык чакырыктарды жеңе албастыгын белгилеген. Ал дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, бул ишке системалуу жана комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп жатканын айткан.
"Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун форматына катышууга өзгөчө маани берет. Биздин мамлекет ШКУнун олуттуу ыйгарым укуктары жана таасирлүү чөйрөсү бар эл аралык институт катары потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча бекем позицияны карманат", — деген Иманкулов.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
НАТОнун Афганистандагы курал-жарагы Борбор Азияга дале кооптуулук жаратууда