Россияны колдогон акция. Бишкекте тартылган видео

Катышуучулардын биринин айтымында, алгач ири митинг пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Максим Горький атындагы паркта Россияны колдогон акция өттү. Бул тууралуу аталган иш-чаранын катышуучуларынын бири, актриса Галина Кетова кабарлады.
Ал башында Россияны колдоо максатында ири митинг пландалгандыгын, бирок салынган тыюудан улам "жөнөкөй жарандарды кетирип жиберип, өзүбүздүн позициябызды коомчулукка айтып жана жеткирүү үчүн бул жерде бир нече активисттер калдык", — деген.
Ал кандай позициялар туурасында кеп болуп жатканын айтып берген.

"Россиянын дарегине агрессиялык маанайда көп нерселер айтылып, маалымат айдыңында дайым чагымчылыктардын жасалып жатканын көрүп жатабыз. Биз башка дагы көз караштар бар экенин, көп кыргызстандыктар Россияны колдоорун жана РФ менен КРдин достугун айткыбыз келди. Биз тарыхый жактан да өз ара ынтымакта жанаша жашаган элбиз, кыйын учурда бири-бирибизди колдошубуз керек", — деген Кетова.

Анын айтымында, саат 11:00дө активисттер чыкканда аларга бийлик органдарынан салынган тыюу тууралуу эскерткен.
"Биз пикирибизди тез айттык да, 20 мүнөт ичинде тарап кеттик", — деп кошумчалаган Кетова.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Элчиликтерди тынч коюңуздарчы. Садыр Жапаров жарандарга кайрылды