БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык соту калаанын Горький скверинен башка жерде митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.
"Биринчи май райондук сотунун 11-марттагы чечими менен 2022-жылдын 12-апрелине чейин Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы скверде жарандар менен бейөкмөт уюмдардын митинг-акцияларды өткөрүүсү белгиленген. Бишкек шаардык соту чечимди күчүндө калтырды", — деп жазылган маалыматта.
1-апрелде Бишкекте райондук соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров митингдер тууралуу оюн билдирген. Анда элчиликтерди тынч коюуну өтүнүп, Горький паркында каалашса 24 саат бою митинг кылууну сунуштаган.