Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Белгороддогу мунай базада өрт өчүрүлүп, элге үйүнө кайтууга уруксат берилди

Белгород шаарынын мэри Антон Иванов мунай базасы жайгашкан райондун тургундары үйүнө кайта берсе болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Белгороддогу мунай базада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын ӨКМинин маалымат кызматы кабарлады.
"Мунай базадагы өрт өчүрүлдү. Роспотребнадзордун лабораториясы абадагы зыяндуу заттарга мониторинг жүргүзүүдө. Андагы өлчөөлөр боюнча заттардын чектен ашканы байкалбайт", — деп жазылган билдирмеде.
Ыкчам кызматтардын маалыматы боюнча, өрттүн аянты 1,3 миң чарчы метрди түздү.
Ал арада Белгород шаарынын мэри Антон Иванов мунай базасы жайгашкан райондун тургундары үйүнө кайта берсе болорун айткан. Буга чейин аларга өрт өчүрүлгөнгө чейин коопсуз жайда болуп туруу сунушталган.
Жума күнү Россиянын аба майданына кирген Украинанын эки тик учагы сокку уруп, анын кесепетинен Белгород облусунун мунай базасында өрт чыккан. Анын кесепетинен эки адам жабыркаган, бирок өмүрүнө коркунуч жаралган эмес. Каза тапкандар жок.
Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин окуя тууралуу иликтөө жүргүзүп, сокку урууга катыштыгы барларды аныктоону тапшырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: РФ нефть базасына жасалган Украина чабуулуна НАТО өлкөлөрү катышты. Видео