Кырдаал болуп көрбөгөндөй кызып турган убак. Маселе Украинанын тагдыры же Россиянын улуу держава катары келечеги жөнүндө да эмес. Мында сөз чындап дүйнөнүн тагдыры туурасында. Бирок өзөктүк согуштун босогосунда (кыямат алдында экенибизге ынандырып, канчалык коркутушпасын, андай нерсеге жол берилбейт) турат деген пикирлерге мунун эч тиешеси жок.
Кептин баары дал ушул тапта болочокко карай жолдун тандалып жатканында. Дал азыр адамзат мындан ары кандай жолго түшүп, эл аралык алакалар жана дүйнөлүк экономика кандай өңүттө өнүгөрү көз алдыбызда аныкталууда. Муну Россия, Кытай жана Батыштан тыш бүтүндөй дүйнө түшүнүп, доордун чакырыктарынын масштабын англосактардын арасындагы калыс стратегдер да аңдап билишет.
Bloomberg агенттиги: "Глобализациянын экинчи доору аяктап барат. Эгер тез арада чечкиндүү аракеттер жасалбаса, Украинадагы окуяларга да карабастан дүйнө касташкан лагерлерге бөлүнүп калат. Андай аалам Батышка туура келбейт", – деген пикирди жарыялады. "Путин менен Си капитализмдин таттуу кыялынын айыбын ачты", – дешет жогорудагы ойдун авторлору — "бардык каалганы ача билген" англиялык-америкалык аналитиктер, атап айтканда, Bloomberg News башкы редактору, The Economist басылмасынын мурдагы жетекчиси Жон Миклетвэйт жана The Economist кызматкери Адриан Вулдридж.
Экономикалык либерализмдин негизиндеги глобализация — дал англосак каймактарынын кызыкчылыктарына гана жооп берген нагыз англосаксондук долбоор. Дүйнөлүк согушка чейинки учурга туура келген алгачкы ааламдашуу эмнеликтен аяктаганын талдашат бул авторлор. Ал убактагы каймактар менменсинген, алысты көрө албагандар эле деп мүнөздөшөт. Акыры ал аракет апаат менен аяктаганын, азыр да ошол көрүнүш кайталануу коркунучу бар экенин белгилешет алар.
Миклетвэйт жана Вулдриж глобализация соңку жыйырма жыл бою – 2001-жылдын 11-сентябрынан тарта, 2008-жылдагы каржылык каатчылыгы, 2016-жылы Трамптын президенттикке шайланышынан бери эле чабуулга кабылып келерин айтышат. "Дүйнөлүк экономика кытайлык жана анын батыш бөлүгү тарапка бөлүнө баштаганын" да, коронавирус интеграциялык байланыштарды солгундатып, жалпы жонунан экономикалык интеграция да жайлап калганын, айрым учурда артка кеткенин моюнга алышат. Бирок дал Украина глобализациянын түбүнө жетчүдөй, себеби дүйнөлүк рынок бир нече бөлүктөргө бөлүнөт.
"Россиянын Украинага басып кириши мурдагыларына караганда ири жана чечкиндүү чабуул катары белгиленет. Бир жагынан экономикалык байланыштарды заматта үзгөнү үчүн деле ушундай мүнөздөөгө болот. Негизги – буудайдан никель, титан жана мунайга чейинки товарлар менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.
Батыш Россияны дүйнөлүк экономикадан обочолонтуу үчүн болгон күчүн жумшап, олигархтарга санкция салып, россиялык банктарды дүйнөлүк каржылык тутумунан өчүрүп, Россиянын Борбордук банкына өз резервдеринен пайдаланууга жолун бөгөдү. Ал тургай РФти Дүйнөлүк соода уюмунун катарына чыгаруу жөнүндө да кептер жүрүүдө", – деп айтылат алардын макаласында. Бирок мындай бириндөөгө дүйнөнү Батыш өзү түртүп жатпайбы. Россияга каршы акылга сыйбаган санкцияларын салып, анын активдерин тоңдуруп, ал эми Кытайды экинчи жолку санкциялар менен опузалашууда. Миклетвэйт менен Вулдриж буларды танбаса да актоого далалат кылышкан.
"Брюсселде чогулган Батыш саясатчылары глобалдык түзүмдүн кыйрашын каалашпайт. Азыркы экономикалык жапайычылыкка эрежелерге негизделген системаны калыптандыруу үчүн путиндик агрессияны жазалоо үчүн жол берилүүдө. Болбосо ал дал ошол тутумду талкалап, ошону менен бирге дүйнөлүк соода жана каржынын эркин агымын токтотууга умтулат. Идеалдуу дүйнөдө Путин тактысынан кулатылып, орус эли Кремлдеги клептократияны да жоё алмак.
Бул оптимисттик сценарий Россияны гана тургай, Батышты да бир силкинтип, АКШны трамптык обочолонуудан арылтып, ал эми Европа жеке коргонуусуна олуттуу түрдө киришмек. Атлантиканын эки тарабындагы тең "цивилизациялык согуштар" токтомок. Мунун баарынын болушуна мүмкүнчүлүк бар", – деп жазылган Батыштын беделдүү талдоочуларынын ошол макаласында.
"Геосаясаттагы өзгөрүүлөр бир нерсени айкындатты: Кытай өзүнүн өйдөгө өр алышы менен борбордук геосаясий факторго айланып, кебелбес деңгээлге чыккандай... Автократиялык Чыгыш акырындап бизден оолактап, кийин демократиялык, бирок бириндеген Батыштан айланып өтүүгө умтула баштайт", – деп боолголошкон Миклетвэйт жана Вулдриж макаланын дал ушул бөлүгүндө ааламдашуу долбоорун жана Батышты сактап калуунун жападан жалгыз жолун табышат. Батыш бир жакадан баш чыгарууга тийиш. Сөз, ураандар менен эмес, чындап, экономикалык жактан биргелешип аракет этүүсү абзел.
"Байден АКШнын өнөктөштөрү менен экономикалык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү геосаясий императив экенин моюндап, Батыштын башын кошуу үчүн Европага эркин соода жөнүндөгү ар тараптуу макулдашууну сунуштаганы оң. Бул нормативдик талаптарды окшоштурууга негизделген, мурда четке кагылган Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүктүн азыраак өзгөртүлгөн версиясы болушу мүмкүн. Ошондой эле ал Австралия, Жаңы Зеландия, азиялык өлкөлөрдүн бир бөлүгүн жана америкалык мамлекеттерди бириктирип турган Трансатлантикалык өнөктөштүк жөнүндөгү ар тараптуу жана прогрессивдүү макулдашууга кошулууга тийиш", – дешет алар. Башкача айтканда, талдоочулар эки баскычты сунушташат. Адегенде Кошмо Штаттар менен Европаны бүтүн бир экономикалык организм катары түптөп, андан соң ага
Азиянын бир бөлүгүн Латын Америкасы менен бирге кошуп алуу зарылдыгын белгилешет.
"Байден – Кошмо Штаттар акыркы кансыз согушту айланасына бүтүндөй эркин дүйнөнү топтоп алуу менен жеңгенин түшүнөрлүк кыйла кыраакы саясатчы. Бул – кийинки партияны да тынч жеңип алуунун ыкмасы. Эркин дүйнөнүн – Европа биримдиги, Түндүк Американын экономикалык дараметин, Латын Америкасы жана азиялык демократиянын ири экономикасын бириктиргиле. Ошондо бул автократиянын күнүн гана бүтүрбөстөн, аларды эркиндикке сүйрөй алат", – деген сунуштарын ортого салышат.
Бул сөз түрүндө кооз, бирок таптакыр ишке ашырылбай турган үлгү. Себеби маңызында бул деле англосактардын бир нече үлкөн өлкөнү арасына кошкусу келбеген ааламдашуу долбоорун улантууну сунуштайт.
Бирок Миклетвэйт менен Вулдриж өздөрү деле глобализациянын азыркы долбоору Батыштан тыш өлкөлөрдүн нааразычылыгы жана өзүнүн ичиндеги ырашкерликтин жоктугунан улам бузулганын моюнга алышат.
"Батыш акыркы жыйырма жылга караганда дал ушул тапта кыйла биримдүү болуп турганын", ошондуктан ушундайда "эркин дүйнөнүн биримдигин бекемдеп алуу" зарылдыгын белгилешет авторлор. Анткен менен бөлөк өлкөлөр түгүл бирдиктүү Батыш алкагында интеграция болушу күмөн.
Миклетвэйт жана Вулдриждин макаласында андан ары: "Эгер тез арада чечкиндүү кадам көрүлбөсө, Украинадагы окуяларга карабастан дүйнө араздашкан лагерлерге бөлүнүп калат. Андай аалам Батышка туура келбейт. БУУнун Башкы Ассамблеясынын Россиянын Украинадагы атайын операциясын айыптаган резолюциясын карагылачы. 141 мамлекет резолюцияны колдоп, 40 өлкө гана колдогон жок (анын ичинен бешөө каршы, 35 калыс болгон). Бирок ошол 40 мамлекеттин ичинде Индия менен Кытай бар, Жер планетасынын калкынын басымдуу бөлүгү ошолордо", – дешет.
Англосактар адамзат тарыхы тааныбаган глобалдык тутумду түзүп, бирок натыйжада жарылды. Ал эми Батышка кирбеген цивилизациялар мындан ары алар түзгөн эрежелер менен ойноодон баш тартууда. Англосактар каалаган ааламдашуунун экинчи аракети да кыйрап, алардын өзөгүн түзгөн өлкөлөрдүн (АКШ жана Улуу Британия) өзүндөгү абалды эске алсак, үчүнчү ирет аракет көрүүгө даай да албай тургандары айкын. Анткени дүйнөнүн жаңы тартиби алардын сценарийи жана кызыкчылыгы менен түзүлбөйт.