Айлана жашылданып, бак-дарак гүлүн ачууда. Сулайман-Тоонун суктанткан жазы видеодо

Sputnik Кыргызстан агенттиги Сулайман-Тоонун суктанткан жазын тартып келди. Бул тоонун боорундагы бак-дарак гүлүн ачып, жер көккө оронуп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси кооздугу жана карт тарыхы менен суктандырып келет. Калаадагы көзгө басар туристтик жай болуп саналат.
Быйыл Дүйнөлүк банк тарабынан Сулайман-Тоонун инфраструктурасын жакшыртууга 4 миллион доллар бөлүндү. Ал каражатка музейдин имараты, экспозициялык залдары, туристтик жолдору оңдолот. Жарыктандырылып, автоунаа токтотуучу жайлар салынат. Мындан башка да бир топ иштер пландалган.
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Анжиян Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Сүрөт