Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын тик учактары Белгороддогу мунай базага сокку уруп, өрт чыкты. Видео

Базага жакын үч көчөдөгү тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Алар өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин үйлөрүнө кайта алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россиянын аба майданына кирген Украинанын эки тик учагы сокку уруп, анын кесепетинен Белгород облусунун мунай базасында өрт чыкты. Бул тууралуу облустун губернатору Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram-каналы аркылуу кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эки тик учагы Россиянын аймагына кирип авиасокку жасаган. Мындан улам мунай базасында өрт чыкты. Каза болгондор жок", — деди Гладков.
Ал ошондой эле өрттү өчүрүүгө шаардын ресурстары жетиштүү экенин белгиледи. ӨКМдин кызматкерлери өрттү чектөөгө аракет кылып жатат.
"Калкка коркунуч жаралган жок", — деди Гладков.
Жума күнү эртең менен Белгород облусунун башчысы мунай базасында өрт чыкканын кабарлаган. Анын айтымында, эки адам жабыркаган, бирок өмүрүнө коркунуч жок.
Базага жакын үч көчөдөгү тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Алар өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин үйлөрүнө кайта алышат.
Украиналык миналар кайда агууда? Аскерий сереп