БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун алдын алуу үчүн дүйнөдө биринчи ирет мурунга тамчылаткан вакцинаны каттады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирүү таратканын РИА Новости жазды.
"Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы коронавирустук инфекциянын алдын алуу үчүн Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борбору иштеп чыккан Гам-КОВИД-Вак ("Спутник V") деп аталган мурунга тамчылатма вакцинаны каттады", — деп айтылат маалыматта.
Маалымат кызматы аталган вакцина "Спутник V" сыяктуу эле эки компоненттен турарын жана атайын чачыраткыч аркылуу аралыгы үч жумалык мөөнөттө мурун көңдөйүнө чачыларын билдирди.