Бишкек мэри Кытайдын элчиси менен жолукту. Талкууланган маселелер

2021-жылы Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда бир туугандык байланыш түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолукту. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
1 / 3

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолукту

2 / 3

Жолугушуунун алкагында Бишкек мэриясы менен Кытай шаарларынын мамилесин бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери талкууланган

3 / 3

Ду Дэвэнь Циндао шаарынын элдик муниципалдык өкмөтү Дэн Сяопин проспектисин көрктөндүрүү ишин баштоо үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында Бишкек мэриясы менен Кытай шаарларынын мамилесин бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери талкууланган. Ду Дэвэнь Циндао шаарынын элдик муниципалдык өкмөтү Дэн Сяопин проспектисин көрктөндүрүү ишин баштоо үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди. Бул үчүн шаардык кызматтар эскиздик долбоорду даярдап бериши керек.
Мындан тышкары, "Бишкек шаарынын көчө-жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы талкууланып, үчүнчү фазасына старт берүү жана борбор калааны санариптештирүү жөнүндө кеп козголгон.
Эске салсак, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек менен Циндао шаарларынын ортосунда бир туугандык байланыш түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.
Акылбек Жапаров: экономикабыз эми Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алат