Жума күнгө карата аба ырайы

1-апрелде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү болжолдонду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жума күнү республика аймагында жаан-чычын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +10…+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.
Күн ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы