Түштүк Осетияда Россияга кошулуу боюнча референдум качан болору айтылды

30-мартта Түштүк Осетиянын президенти Анатолий Бибилов кайрылуу жасап, анда Россия менен биригүү осетин элинин эзелки кыялы жана башкы стратегиялык максаты экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Түштүк Осетиянын Россиянын курамына кириши боюнча референдум республикада 10-апрелге белгиленген президенттик шайлоодон кийин болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине президент Анатолий Бибиловдун маалымат катчысы Дина Гассиева билдирди.
"Албетте, референдум шайлоодон кийин болот. Ага чейин бардык процедуралар бүтөт", — деди Гассиева.
30-мартта Түштүк Осетиянын президенти Анатолий Бибилов кайрылуу жасап, анда Россия менен биригүү осетин элинин эзелки кыялы жана башкы стратегиялык максаты экенин айткан. Ал ошондой эле жакынкы келечекте республика Россияга кошулуу боюнча мыйзамдуу кадамдарга барып, элдик добуш берүү өтөрүн билдирген.
Россия 2008-жылдын 26-августунда Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныган (ага чейин алар Грузиянын курамында болчу — ред). Мунун алдында Грузиянын аскерлери Түштүк Осетияга басып кирип, анын борбору Цхинвалинин бир бөлүгү талкаланган. Россия республиканын тургундарын коргоп, алардын көбү орус жарандыгын алган. Россиянын аскерлери беш күндүк салгылашуудан кийин грузин аскерлерин аймактан кууп чыккан.
Түштүк Осетиянын мыйзамдарына ылайык, президент референдум өткөрүү жөнүндө жарлык чыгарып, датасын өзү аныктайт. Добуш берүү жарлык жарыяланган күндөн тартып эки-үч айдын ичинде өтүшү керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецк жана Луганскини Мамлекеттик Дума тааныйбы? Депутаттын пикири