БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Польша пропагандасы бардык көйгөйдү Россияга арта салууга көнүп алды, бул жагынан алып караганда Балтика өлкөлөрүнө жана Украинага окшош, кепке келүүнү жөнгө салуу үмүтү улам жок болуп барат. Бул тууралуу РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Sputnik Polska агенттигине берген маегинде айткан.
"Баарынан оңою — Россияга болгон жаман нерселердин баарын, аны менен ызаланткан утулуштун жоопкерчилигин да кошо оодара салуу. Польшанын пропагандасы бардык нерсени бизге арта салууга көнгөн. Бул жагынан Балтика өлкөлөрүнө жана Украинага абдан окшош", — деди ал.
Медведев Польша Украинадагы окуяны, "Крым жазын" Россияга байланышкан кандай гана демилгелер болбосун тоңдурууга шылтоо деп эсептей турганын билдирди. Алардын "антироссиялык санкциялар режими менен жаңы кансыз согушту жаратууну" колдошорун белгиледи.
Буга чейин Медведев берилген вассалдары америкалык таксыр менен жалпы эле НАТОго урмат көрсөтүшү керек, андыктан дал Польшанын өзү Түндүк альянстын алдынкы чегине айланууда деген пикирин билдирген.