"Байрактар" танканы жардырганда. Ысык-Көлдөгү машыгуунун видеосу

Машыгууда "Байрактар ТБ-2" пилотсуз аппараты, ок өтпөс техника жана жаңы алынган "Тигр" автоунаалары колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн, 31-март күнү, Ысык-Көл облусунда "Калкан — 2022" атайын тактикалык машыгуу өттү.
Анын жүрүшүндө "Байрактар ТБ-2" пилотсуз аппараты, ок өтпөс техника жана жаңы алынган "Тигр" автоунаалары колдонулган.
Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин өкүлдөрү ок өтпөс техниканын аракеттерин байкап турушкан. Ошондой эле пилотсуз аппарат менен танк жардырылып, шарттуу ок өтпөс техника жок кылынган.
Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.
"Байрактар" колдонулган тактикалык машыгуу Көлдө өтүп жатат. Сүрөттөр