Энергетика тармагынын 136 млрд. сом карызы Финансы министрлигине жүктөлөт

Министр Доскул Бекмурзаев берген маалыматка караганда, бул президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Энергетика тармагындагы ишканалардын мойнундагы карыз Финансы министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бизде ири карыздар бар, көлөмү болжол менен 136 миллиард сомдун тегерегинде. Быйыл биз энергетикалык компаниялардын карыздарын тазалайбыз. Алар мындан ары эркиндикке чыгып, ири масштабдуу милдеттерди аткара баштайт", — деди Бекмурзаев.
Министр кошумчалагандай, бул нерсе президенттин тапшырмасы боюнча ишке ашырылып жатат.
Министр: Кыргызстанда энергетикалык ишканалар бириктирилет