22 градуска чейин ысыйт. Дем алышка карата аба ырайы

Апта аягында айрым облустардын тоолуу аймактарына гана кар жаай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун берди.
Билдирмеге караганда, апта этегинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүн көзү ачылып, абанын температурасы айрым аймактарда 23 градуска чейин ысыйт. Бишкекте да күн жылуу болуп, абанын температурасы күндүз 17...22 градуска жетиши күтүлүүдө.

Чүй, Талас облустары

Эки облуста тең жаан-чачын күтүлбөйт. Чүйдө абанын температурасы күндүз 22 градуска чейин ысыйт. Ал эми Таласта 17...19 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ошто дем алыш күндөрү аба ырайы жылуу болуп, жаан-чачын жаабайт. Ал эми Жалал-Абадда 2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 17...19 градуска жетет.

Нарын, Ысык-Көл облусу

Эки аймакта тең аптанын аягында жаан, кар жаабайт. Күндүн көзү ачылып, абанын температурасы Ысык-Көлдө 9...14, Нарында 10...12 градусту көрсөтүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Бишкекте 4-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат