Жапаров: Балыкчы — Кочкор жолунун курулушун аягына чыгарабыз

Жапаров темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадга жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушу башталды. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдиргенин анын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушу башталды

2 / 2

Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз

Өлкө башчы бүгүн, 31-март күнү, Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.
Жапаров темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадга жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керектигин, ошондо гана бул жол Кыргызстанга толук кандуу иштеп, пайда берип турарын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров
"Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете" дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ал эми ата мекендик темир жол тармагында дагы бир тарыхый барак ачып жаткан темир жол куруучуларга кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайм. Сиздер ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү долбоорду ишке ашыра баштадыңыздар, ишиңиздерге ийгилик каалайм!" — деди Жапаров.
Өлкө башчы Ысык-Көлдө өткөн "Калкан — 2022" машыгуусуна дагы катышты.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Күнүгө ушундай тамак жейсиңерби? Садыр Жапаров аскерлер менен түштөнгөн видео