Улуттук банк быйыл биринчи жолу доллар сатып алды

Башкы банк доллардын түшүшүнө эки нерс таасир эткенин айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн 5,4 миллион доллар сатып алып өзүнүн корун толуктады. Банктын маалыматына караганда, интервенция доллардын арзандоосуна байланыштуу жасалды.
Башкы банк чет өлкө валютасынын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо-талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныктала турганын эскертти. Ошондой эле Улуттук банк ички валюта рыногуна талаптарды коюп, курстун тенденциясын аныктай албай турганын белгиледи. Мекеме валюта баасынын кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт.

"Ал эми АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөгөнү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы жана сунушу аркылуу түзүлөт. Ага тышкы жана ички факторлор таасирин тийгизет. Демек, доллардын курсунун түшүшүнө ага болгон суроо-талаптын төмөндөшү, ошондой эле Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын долларга карата бекемделиши таасир этүүдө", — деп жазылган маалыматта.

Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо болгон жагдайга дайыма көз салып турарын, зарыл учурда акча-кредит саясатынын негизинде тиешелүү чараларды көрө турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, жакында эле 107 сомго чейин жеткен доллар соңку күндөрү кайра кескин төмөндөй баштады. Бүгүн кечке жуук сатып алуу 83төн 81 сомго, сатуу 84төн 83 сомго чейин түштү.
Экономист Сарыбаев: газдын рубль менен сатылышынан Кыргызстан пайда гана көрөт