Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырбайт

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин" айтып, иниси мандатын тапшыра турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырбайт. Бул тууралуу маалыматты ал Sputnik редакциясына тастыктады.
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай чечимди ал жакындары менен кеңешип туруп кабыл алды.

"Он миңдеген кишилерден парламентте калып, шайлоо алдында берилген убадаларды аткар деген кайрылуулар келди. Мындан улам үй-бүлөм менен кеңешип туруп ушундай чечим кабыл алдым", — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан "Кыргыз мунай газ" мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген. Анда бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин айтып, иниси Шаирбек менен мандатын тапшырууга макулдашканын билдирген.
Аталган маселени тыкыр иликтеп чыгуу үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы төрага Талант Мамытовго да кайрылган.
Көп өтпөй парламенттин алдында нааразычылык акциясы болуп, анда келгендер Ташиевдин депутат бойдон калышын талап кылган.
Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган.
Агам менен кеңешип жатабыз. Шаирбек Ташиев мандаты тууралуу жооп берди. Видео