Улуу Британия мунай өндүрүмдөрүн колдонбой койгусу келет, бирок андай кадам экономикалык кыйсыпырга салары талашсыз. Бүтүндөй европалык өнөр жай тармагын солгундатпастан көйгөйдү чечүүнүн жолу табыла элек. Ал ортодо Москва дагы бир милдетти жүктөп койду. Наталья Дембинскаянын ушул маселе тегерегиндеги материалы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Эгер Киевди топтоштурулган бомбалоо башталса, Россиядан энергетикалык ресурстарды сатып алууга тыюу салынат" деп жазат жогорку кызматтагы европалык дипломаттын сөзүнө таянуу менен Reuters басылмасы. Ошол эле булак кайра санкциялар Москванын Украинага карата саясатын өзгөртө албай турганын моюнга алат.
Германиянын E.ON ири энергетикалык концерни россиялык компаниялардан газ сатып алуусун токтотту. Норвегиядан алууга үмүттөнүшкөн, бул өлкө немецтердин көгүлтүр отту керектөөсүнүн үчтөн бирин камсыздайт. Бирок премьер Йонас Гар Стёренин айтымында, Ослонун да таңсыктыкты толтурууга жете турган резерви жок.
Жаратылыш газы негизинен Германияга Gassco түтүктөрү аркылуу, маселен, өлкөнүн түндүгүндөгү Эмденге берилип, аларга ансыз да чоң күч келет. Дагы көбүрөөк ташуу үчүн кубаттуулукту арттыруу абзел. Ал эми бул узакка созула турган жана чыгымы көп процесс.
Суюлтулган газ боюнча Катар менен макулдашууга аракет кылып, бирок майнап чыкпады. Анткени ал жактан Кытайга кымбат нарк менен экспорттолот. Катаал энергетикалык каатчылык шартында үйлөрдү кантип жылытып, өнөр жайды кантип камсыздоо керектиги боюнча негизги маселе алигүнчө чечиле элек.
Канцлер Олаф Шольц да Европа Россиядан энергетикалык көз карандылыгынан заматта кутулуп кете албастыгын моюнга алды. Жүз миңдеген жумуш орундары жоюлуп кетүү коркунучунда, ал эми бүтүндөй өнөр жай тармагынын тагдыры арсар болуп турат. Санкцияларды Москвага караганда Европа биримдигин катуу солгундатпагыдай салууга аракет кылып жатышкан убак.
Улуу Британия жыл аягына дейре россиялык импортту токтоторун бизнес, энергетика жана өнөр жай министри Квази Квартенг билдирди. Анткен менен англиялык The Telegraph басылмасы жыгач отун сатып алууну чектөө да кырдаалды кескин начарлатканын белгилеген. Аталган өлкөдө соңку жылдары миңдеген үйлөр ушундай жылытууга өтүшкөн эле.
Россия биологиялык отун менен жабдуучулардын эң ириси эле. Эми британиялыктар буга альтернатива издөөдө. Баалар 25-40 пайызга — тоннасына 400 фунт стерлингге кымбаттап кетти. Бул менен да өсүш токтоп калары күмөн.
Газ жагдайы андан да кыйын, беш жолу кымбаттады. Апрель айында жылытуу жана электр кубаты үчүн төлөмдөр кеминде эле 50 пайызга чыгары күтүлүүдө. Ушул тапта көгүлтүр оттун миң куб метри 1,2 миң долларды түзөт. Эсиңиздерде болсо март айынын башында эле бул рекорд коюп, төрт миң долларга чейин чыккан.
Ири инвестициялык банктардын жана сырьёлук аналитиктердин пикиринде, россиялык мунайдан баш тартуу кара алтын наркынын асман чапчышына алып келет. Алар бул көрсөткүч баррелине 300 долларга чейин чыгарын жоромолдошууда.
Эгер Жо Байден Европаны Москвадан биротоло кол үзүүгө көндүрсө, ал чыныгы коллапска кабылары шексиз.
"Рыноктор балансташтырылып, ашыкча ресурс жок. Баш тартуу же кыскартуу баанын кескин кымбатташына кептеп, баррелине 300, 500 доллар да болушу ыктымал", — деп белгилейт энергетика министри Александр Новак.
2021-жылы Европа биримдиги Россиядан энергетикалык ресурстарды дээрлик 100 миллиард еврого импорттогон. Анын жарымынан көбү чийки мунайга жумшалса, калганына мунай өндүрүмдөрү, жаратылышы газы жана көмүр алынган. Негизги керектөөчүлөрү — Нидерланд, Германия, Франция жана Польша.
АКШдагылар азырынча арга таба элек. Ал тургай Венесуэланын да тамырын бир тартып көрдү. Соодалаша алышкан жок, себеби Николас Мадуро, Вашингтондун айтымында, "атайылап аткарылбас" шарттарды койгон. Атап айтканда, расмий өкүлдөргө салынган санкцияларды жоюу жана PDVSA мамлекеттик компаниясынын толук көзөмөлүн колго алууну талап кылышкан.
Учурда Байдендин саясатынын азабын карапайым америкалыктар тартууда. Май куюучу жайларда бензиндин баасы рекорддук деңгээлге чыкты.
Анткен менен мунай-газ дүрбөлөңү басаңдап калышы да ажеп эмес. JP Morgan компаниясындагылар Россиядан алынган энергетикалык ресурстардан "айланып качуу" көпкө созулбастыгын боолголошот. Экинчи чейректе Brent баррелине орточо 114 доллардан айланса, жыл аягына чейин 101ге түшүшү мүмкүн.
Чектөөлөр тууралуу ой жүгүртүү менен Батыш Москванын жаңы талабы менен чечишип алууга далбас урууда. Мындан ары россиялык газ россиялык рубль менен сатылат. Бул Брюсселди бир топ түйшөлтүүдө. Der Spiegel басылмасы сатып алуучулар анчалык рублди кайдан аларына баш катырып жатканын жазат. ФРГ энергетика министри Петер Альтмайер апта башында G7 (Чоң жетилик) бул талапты аткарбай турганын билдирди. Бирок Москва да бекер бергиси жок. Кремль белгилегендей, кайрымдуулук кылуу да мүмкүн эмес.
Кандай болгон күндө да Россия дагы бир контрсанкциялык соккусун урду. Батыштын алтын-валюталык резервди тоңдурганына жооп катары РФ Борбордук банкы дос эмес өлкөлөрдүн каражаттарынын кыймылын чектеп койду. Эми чет өлкөлүктөргө баалуу кагаздарды сатууга жана сыртка акча которууга болбойт.