Эскертүү! Өтмөк ашуусу кечке чейин жабылат

Кар көчкү атайылап түшүрүү. Архив
Ашууда кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу бүгүн кечки 18:00гө чейин жол жабылат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бүгүн, 30-мартта, саат 12:00дөн тарта Өтмөк ашуусу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Өтмөк ашуусунун 14-чакырымына чейин артиллериялык каражат менен кар көчкү атайылап түшүрүлмөкчү. Кайра ушул эле күнү кечки саат 18:00дө ашууда жол ачылары айтылды.
Министрлик буга байланыштуу Өтмөк ашуусундагы Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунан өтө турчу айдоочуларды каттамын алдын ала ойлонуштуруп алууну эскертти.
Министрлик 29-марттан тарта аба ырайынын кескин бузулушунан улам Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Өтмөктөгү Кара-Ой айылында оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөө киргизгенин белгиледи. Жеңил унаалар үчүн жол ачык. Тиешелүү кызматкерлер трассаны тазалап жатат.
Жүк ташуучу автоунаа Сосновка постунда
Сосновкада жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди