Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат

Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа жетекчилиги билдирди.
Ош шаарында кышкы жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койгон.
"Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта Ош шаарынын аймагында жылуулук өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жылуулук берүү качан токтотулары азырынча белгисиз.
Мэр: 11-кичи райондогу гараждардын ордуна көп кабатуу унаа жайы курулат