Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Россияга каршы чектөөлөр дүйнөлүк экономиканы кризиске кептейт

Дипломаттын айтымында, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун туруктуулугуна Россиянын аракеттери эмес, Батыштын Москвага каршы киргизип жаткан ыксыз санкциялары коркунуч туудурууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россияны экономикалык, каржылык жана логистикалык жактан изоляциялоо аракеттери тарыхый масштабдагы экономикалык кризиске айланып бара жатат. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын уюмдагы өкүлү Василий Небензянын айткандарына таянып РИА Новости жазды.
Дипломаттын айтымында, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун туруктуулугуна Россиянын аракеттери эмес, Батыштын Москвага каршы киргизип жаткан ыксыз санкциялары коркунуч туудурууда.
"Россияны экономикалык, каржылык жана логистикалык жактан калыптанган, узак мөөнөттүү кызматташуу каналдарынан ажыратуу аракети тарыхый масштабдагы экономикалык кризиске айланып бара жатат. Учурда мыйзамсыз, бир тараптуу чектөөлөрдү четке кагуу менен гана эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба рынокторун турукташтыра алабыз", — деди Небензя.
Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Россияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Чектөө чаралары биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологиялык продукцияларды жеткирүүгө каршы багытталган. Көптөгөн өлкөлөр Россиянын активдери тоңдурулганын жарыялашты.
Өлкөнүн каржы министри Антон Силуанов буга чейин билдиргендей, болжол менен 300 миллиард доллар тоңдурулду. Бул Россиянын алтын-валюта резервинин жарымына жакын сумма.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Путинди бийликтен четтеткиси бар. Жообу көп күттүрбөйт