"Манас" жана Айтматовдун мурастары. Бишкектеги эл аралык конференциядан сүрөттөр

Мамлекеттик катчы иш-чарага Түрк академиясы да кызыгып, окумуштууларын жибергенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкекте "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары — улуттук дөөлөттүн негизи" аттуу эл аралык конференция өтүүдө.
Иш-чарага өлкөдөгү Улуттук илимдер академиясынын академиктери, окумуштуулар, коомдук, маданий жана мамлекеттик ишмерлер катышууда. Анда Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Татарстандын илимпоздору "Манас" эпосу жана Айтматов тууралуу видео доклад жасашты.
1 / 3

Бишкекте "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары — улуттук дөөлөттүн негизи" аттуу эл аралык конференция өтүүдө

2 / 3

Иш-чарага өлкөдөгү Улуттук илимдер академиясынын академиктери, окумуштуулар, коомдук, маданий жана мамлекеттик ишмерлер катышууда

3 / 3

Анда Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Татарстандын илимпоздору "Манас" эпосу жана Айтматов тууралуу видео доклад жасашты

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чарага Түрк академиясы да кызыгып, окумуштууларын жибергенин белгиледи.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов
"Бул эл аралык практикалык конференцияга үч ай даярдандык. Түрк дүйнөсүнүн илимпоздору "Манаста" кыргыздын канына сиңген өзүнүн Конституциясы бар экенин, анда экологиялык, мамлекеттик түзүлүш тууралуу тема кенен чагылдырылганын белгилешти. Азыркы учурда жаштарга, идеологияны бекемдөөгө, нарк, салт, ынтымакты туу тутуп жайылтууда мындай иш-чаранын өтүшү өтө маанилүү деп эсептейм. Конференциянын жыйынтыгы өзүнчө китеп болуп чыгат. Иш-чарага Түрк академиясы да кызыгып, өздөрүнүн тийиштүү окумуштууларын жөнөткөнү ага өтө жогору баа бергендиги деп ойлойм", — деди Касмамбетов.
Иш-чараны президенттин администрациясы, Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы тил жана адабият институту, ошондой эле Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети уюштурган. Конференциянын алкагында "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун китептеринин көргөзмөсү уюштурулган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
"Манасты" сегиз жыл иллюстрациялаган. Сүрөтчү Теодор Герцен жөнүндө 7 факты