"Манас", Айтматов тууралуу докладдар окулуп... Эл аралык илимий иш-чара видеодо

Бишкекте идеологияны бекемдеп, нарк, салт, ынтымакты жайылтуу максатында маанилүү илимий иш-чара өттү.
Sputnik
"Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары — улуттук дөөлөттүн негизи" аттуу эл аралык конференцияга мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган Улуттук илимдер академиясынын академиктери, окумуштуулар, коомдук, маданий жана мамлекеттик ишмерлер катышты.
Алар "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун мурастары тууралуу баяндама жасаса, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Татарстандын илимпоздору докладдарын онлайн окушту.
Иш-чарада манас айтылып, "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын көргөзмөсү болду.
Тема боюнча:
"Манас" жана Айтматовдун мурастары. Бишкектеги эл аралык конференциядан сүрөттөр
Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөгү элеси. Дүйнөнүн ар жеринен окурман тапкан калемгер