Кыргызстанда канча жылкы, уй, кой бар экени эсептелди

Статистикалык маалыматтар 2021-жылдын аягына карата алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги 2021-жылдын аягына карата Кыргызстандагы малдын башын жана үй канаттууларын эсепке алып, ишинин жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 1 миллион 750,4 миң баш ири мүйүздүү мал бар, анын ичинен уй — 868,8 миң, топоз — 57,2 миң баш.
Ал эми жылкынын саны 5 миллион 478,2 миңге жетет.
Кой жана эчкилер 6 миллион 278,1 миңди түзөт. Аны менен катар 29,5 миң чочко багылат.
Үй канаттуулары 5 миллион 924,7 миң экени айтылды.
Айыл чарба министрлиги арзан насыяны канча фермер алганын жарыялады